Жөрмөлөп, суу кечип өтүп калдык/ Көпүрөгө мукурап, өкмөткө кайрылган айылдыктар/ Кара-Суу району
Талдык Кара-Суу районунун Алай менен чектешкен бийик тоолуу айылы. Бул жакта жашагандар көпүрөсү жок кыйналып жатканын айтууда. Суунун аркы тарабында ФАП, берки жагында чоң жол, мектеп, бала бакча жайгашкан. Ары-бери өтө албай мукурап жатабыз дешти. Эл өзүнчө темир, жыгачтан койгон көпүрөсүн суу көп келгенде агызып кетет экен. Мында окуучулар 2 чакырым ылдыйдагы же өйдөдөгү унаа көпүрөгө барып, айланып 4 чакырым басып мектепке жетип жатышканын айтышты. Буга байланыштуу айылдыктар адам өтчү көпүрө куруп берүүнүн суранып, өкмөткө кайрылышты.