Азаттык: Кечки радио эфир | 30.07.2025 | Батыштын 15 өлкөсү Палестин мамлекетин таанууга үндөдү
Бүгүнкү чыгарылышта: Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу иш карала баштады. Маркум келиндин кылмышка шектүү күйөөсүнө "адам өлтүрүү", куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Франция баштаган Батыштын 15 өлкөсү биргелешкен билдирүү таратып, Палестин мамлекетин таанууга үндөштү. Нью-Йоркто өткөн палестин-израил жаңжалы боюнча конференциянын соңунда кабыл алынган билдирүүгө тышкы иштер министрлери кол койду. Билдирүүнүн тексттин Франциянын башкы дипломаты Жан-Ноэль Барро жарыялады. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus