G
enby!

3 айда бүтөт деп акча алып, 3 жыл зарыктырды/ Алдап, алдана берген "Асма" компаниясы

Бишкектин Абай көчөсү 93/2 дарегиндеги "Достук" турак жайы 10 жылдан бери бүтпөй турат. Алгач курулушту Мухаметкабыл Бакировдун "Ромфорд трейд" компаниясы баштап, 2021-жылы ага Абдулатип Хашимовдун "Асма" фирмасы кошулган. Элден үй 2022-жылы бүтөт деп акча алган экен, бирок азыркыга чейин тапшыра элек. Арыздануучулардын бири "3 айдан кийин киресиздер" десе ишенип толук төлөп алып 3 жылдан бери зарыгып жүргөнүн айтты. Эки ай мурда курулуш министри Нурдан Орунтаев келип, компанияга чара көрүп, көзөмөлгө аларын билдирген. Бирок аны тоготкон жокпу, айтор андан кийин да жарытып иш жасаган эмес. "Асманын" директору курулуштун кечеңдешине подрядчылар 33 млн. сомго алдап кеткени, жер талашып "Аю курулуш" менен соттошкону себеп болгонун айтууда. Эми маселе чечилгенин, 5-ноябрга чейин үлүшчүлөрдү өз үйүнө киргизерин убадалады. Ал күнү да барып жыйынтыгын көрсөтөбүз. Буюрса!

Смотрите также