8.08.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ
Ысык-Көлдөгү Тоо-лыжа курорту төрт мезгилде тең иштейт. Садыр Жапаров Борбор Азиядагы ири "Ала-Тоо Резорт" лыжа базасынын курулушун баштап берди; Оштогу Алишер Навои атындагы эс алуу багындагы мыйзамсыз 11 коммерциялык курулуш бузулууда. Алардын арасында Өмүрбек Текебаевге жана Чолпон Султанбековага тиешелүү имараттар бар; КЫРГЫЗСТАНДА ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА РЕФОРМАЛАР БАШТАЛДЫ. Кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат, студенттерге жана жаш окумуштууларга кандай шарттар түзүлөт?; Кыргызстанда аламан улак оюнун жайылтуу жана ал боюнча иш-чараларды координациялоо максатында «Аламан улак» федерациясы түзүлдү. Чолпонбай Исмаилов федерациянын президенти болуп шайланды; КЫРГЫЗСТАНДА НЕМИС ФУТБОЛУНУН СЫРЛАРЫ ҮЙРӨТҮЛҮҮДӨ. Ал үчүн Германиянын Футбол союзуна караштуу Рейнланд футбол ассоциациясынын тажрыйбалуу адистери Кыргызстанга келди; Курулганына дээрлик 80 жыл болгон эски имаратта иштеп келген Көк-Жангак шаардык архив кызматы эми жаңы, заманбап имаратка ээ болду. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion