Жаңылыктар | 8.08.2025 | Израил Газа шаарын оккупациялайбы?
Көк-Жар2 конушундагы курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалды. Бул арада шаар мэри Айбек Жунушалиев мыйзамсыз делип үй-жайы бузулгандардын маселесин чечүү үчүн президентке сунуш берди. Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жактырды. Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин дагы бир жолу көтөрдү. Бул окуя боюнча быйыл ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен сыртынан 11 жыл 6 айга кесилген. #көкжар #газа #мамбеталиев #бүгүназаттыкта _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus