G
enby!

“ИИМде 100% ТАСТЫКТАЛГАН ДАЛИЛДЕР БАР”

Ак-Ордо конушундагы үйдө эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, кылмыш боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулган. Бул адам шектүүгө окшош эмес деген пикирлер негизсиз деди. “Жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. 100 пайыз тастыктаган маалыматтарга ээ!”, - деп жазды Орунбеков. Ал шектүүнүн “Коопсуз шаар” системасына түшүп калган видеолорун дагы жарыялады. Ошондой эле, анын атасы мурда эки жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин бири, Дөө Чыңгыздын жакын адамы болгону кабарланды.

Смотрите также