РЕЙД: ОШ МЭРИ "ЖӨӨ БАС" КАНАЛЫНЫН ЖЭЭГИН БОШОТУУ БОЮНЧА ТЕКШЕРИП ЖҮРӨТ
Рейд 2-бөлүк: "Жөө бас" каналынын корук аймагын тазалоо иштери башталат 🔸 Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Алымбек Датка көчөсүндөгү "Жөө бас" каналынын корук аймагын бошотуу боюнча тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди. 🔶 Ага ылайык "Жөө бас" каналынын жээгинде жайгашкан тосмолор, жеке менчик үйлөрдүн, соода жана коомдук тамактануучу жайлардын корук аймакта калган бөлүктөрүн алып салуу тапшырмасы берилди. 🔶Анын ичинде Нават чайканасынын, Ош шаардык прокуратурасынын жана суу чарба башкармалыгынын, Алымбек Датка этно комплексинин ичиндеги жайкы кафенин, На углях кафесинин бөлүктөрү суу корук аймагына кирип калган. 🔶 Рейдин жүрүшүндө Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жаңы имаратынын курулушун тездетүү жана "Жөө бас" каналынын корук аймагына кирген тарабын алып салуу тапшырмасы берилди.