Ош-Баткен-Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү пайдаланууга берилди
13-сентябрда Ош–Баткен–Раззаков автожолунун 47-75-чакырымында (28 км) асфальт басуу иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Эки тилкелүү жолдун курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, бүгүнкү күндө унааларга каттам берилди. Жеринде бардык иштер долбоордук талаптарга ылайык жүргүзүлүп, учурда тротуар, жол чырактары, жол белгилери жана жол чийиндери сыяктуу кошумча иштер аткарылууда. Эске салсак, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган. Асфальт төшөө иштери менен катар 3 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып колдонууга берилген.
Смотрите также
