G
enby!

Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесиндеги орто оңдоо иштери кайсы баскычта?

Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 50 чакырым жолго асфальт басылды. Белгилей кетсек, быйыл Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесиндеги жалпы 85 чакырымды оңдоо пландалган. Аталган аралык эки участокко бɵлүнүп, курулуш иштерине 2 подряддык компания ( Чайна Роуд жана Альянс Капитал Кейджи) тартылган. Бүгүнкү күндө министрлик "Альянс Капитал Кейджи" подряддык компаниясына берилген тилкедеги жол курулуш иштерин көзөмөлдөп, иш ыргагы ырааты менен уланып жатат. Белгилей кетсек, узап кеткен апта аягында эркин журналист Эламан Карымшаков тарабынан жогоруда аталган подряддык компаниядан айлык маяналарын ала албай жатат делген айдоочулар туурасында атайын материал жарыяланган. Бүгүнкү күндө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аткарылган жумушуна жараша айдоочулардын айлык маяналары төлөнүп берилгенин билдирет.

Смотрите также