ТЕРС ЭМОЦИЯ ЖОК, ТУУРА ЭМЕС РЕАКЦИЯ БОЛУШУ МҮМКҮН
Бүгүнкү чыгарылыштын коногу-Чолпон Кожоярова-Sistars Education демилгесинин тең негиздөөчүсү. ЧолпонТүштүк Кореядагы UNIST окуу жайында бакалаврды, ал эми Сингапурдагы NIE NTU университетинде магистратураны аяктаган. Бир тууганы Жылдыз менен бирге Чолпон кыргыз тилинде уникалдуу эмоция карталарын жана плакаттарын жараткан. Бул топтомдун максаты өтө маанилүү: — балдарга өз сезимдерин түшүнүүгө жардам берүү; — ата-энелерге, тарбиячыларга жана психологдорго ыңгайлуу курал сунуштоо. Карточкалардын алдыңкы бетинде иллюстрация жана эмоциянын аталышы, ал эми арткы бетинде аныктама жана талкууга ылайык суроолор жайгашкан. Бүгүн биз Чолпон менен балдар үчүн эмоционалдык интеллект эмнеге маанилүү экенин жана жөнөкөй, бирок таасирдүү курал — эмоция карталары тарбиялоого болгон мамилени кантип өзгөртө аларын сүйлөшөбүз. #эмоция #сезимдер #психология #балдар #оспурумдор