Өспүрүмдөргө эң керектүү көндүмдөрдүн бири-сынчыл (критикалык) ой жүгүртүү
Бул чыгарылышта Бермет Суютбекова менен бирге дал ушул теманын маңызын, аны жаштарга кандайча үйрөтүүгө болорун жана аны кандайча өнүктүрсө болорун талкуулайбыз. Бермет Суютбекова — Борбордук Азиядан чыккан социалдык ишкер, жаңычыл мугалим жана стратегиячы. Ал АКШда эл аралык бизнес боюнча магистратураны аяктап, дата аналитик болуп иштеген. Борбор Азия Америка университетинде сабак берип, учурда фрилансер катары туруктуу өнүгүү жана социалдык ишкердик жаатында тренингдерди өткөрөт. Анын ишмердүүлүгү жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, эмпатиясын жана коомдук жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган. Эмне үчүн критикалык ой жүгүртүү маанилүү? Ата-энелер балдарга бул көндүмдү кантип үйрөтө алышат? Бул суроолорго жоопту ушул эпизоддон угасыз! 🎧 Тыңдап, бөлүшүп, пикир калтырууну унутпаңыз! #критикалыкОй #БерметСуютбекова #жаштар #билимберүү #социалдыкИшкердик