40 жылдан бери кайненеге кызмат кылган келин Буайша Паизова
Жалал-Абад облусундагы эң улуу адам Бурма Субанкулова быйыл, 1-июлда 118 жашка толду. Ал Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылында жашайт. Кылым карыткан апанын балдары менен кыздары ар жылы 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө чогулушуп турушат. Дубандагы эң улуу апанын абалын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы да сурап билди. Бурма Субанкулова 1907-жылы Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон аймагында төрөлгөн. Кийин Бай-Мундуз айылына келин болуп, жолдошу экөө 4 кыз жана 1 уулдуу болушкан. Ал жолдошунан жаштайынан жесир калып, балдарын өз күчү менен чоңойтуп, эрезеге жеткирген. Буайша Паизова бул үйгө келин болуп түшкөнүнө быйыл туура 40 жыл толду. Анын айтымында, Бурма апа экөөнүн мамилеси эне-кыздай болуп калган. «Кайненелик ордун көрсөтүп, ошол эле учурда өзү да күйпөлөктөп жардам берип турчу. Кайненем балдарымды карагандыктан, жолдошум экөөбүз жумушка эркин чыга алчубуз. Талаага чыкканыбызда тамакты даярдап койчу. Кыздарымды тиричиликке тың кылып тарбиялап берди. Азыр тынбай ыраазычылыгын айтып, батасын берип турат. 40 жыл — чоң убакыт, экөөбүз тең бири-бирибизге көнүп калганбыз. Азыр чын эле эне-кыздай болуп калдык. Кайненем мага үй тиричилигинде көп нерсе үйрөттү. Азырынча келин жок, өзүм эле келинмин», — дейт ал.