G
enby!

Жаңылыктар | 2.09.2025 | Милиция менен кытай жарандарынын жаңжалы

Ооганстанда жер титирөөдөн набыт болгондордун саны миңден ашты. Кызыл Чырым коому дагы үч миңден көп киши жаракат алып, сегиз миңден ашык турак жай кыйраганын билдирди. Алай районунда “Эркечтам” бажы бекетинин аймагында милиция кызматкерлери менен жаңжалдашкан үч кытайлык жаран кармалды. Милиция абалды жайгаруу үчүн асманга ок чыгарганганга аргасыз болгон. Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатат. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также