Жаңылыктар | 1.09.2025 | Кыргыз-өзбек чек арасында эки кыргыз жараны октон каза болду
Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын чек араларынын кесилишкен жеринде эки кыргыз жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапканы жарым айдан кийин гана белгилүү болду. Окуяны эки өлкөнүн Чек ара кызматтары иликтейт. Кытайдын Тяньцзинь шаарында Кытайдын, Орусиянын жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлеринин башын бириктирген Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү. Уюмга эми Кыргызстан төрагалык кылат. Нарын шаарында эки жол убагында салынып бүтпөгөндүктөн транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев баш болгон министрликтин үч кызматкери кармалды. Ушул эле иш боюнча “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров да камакка алынды. #бүгүназаттыкта #жаңылыктар #шос _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus