"МУГАЛИМДЕР АКЧА ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНБОШУ КЕРЕК"
Кабар подкастта бүгүн өзгөчө конок. “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова балдарды окутуу ыкмасынын сырлары менен бөлүштү. Ошондой эле, мугалимдердин орду, билим берүүнүн сапаты, кыргыз тилине болгон мамиле тууралуу кенен маек куруп жатып, көзүнө дагы жаш алып жиберди.