Анклавдан чыккан Барак элине салынган үйлөр/ Канча акча сарпталып, кандай шарттар түзүлдү?
Өзбекстандагы Барак эксклавында жашаган 297 үй-бүлө быйыл 15-апрелде Кыргызстанга көчүрүлүп чыккан. Алар үчүн Кара-Суу району жактан 208 гектар жер алмашылган. Учурда ошол жерге 101 турак жай салынып, эксклавдан чыккандарга берилген атат. Үйлөр кантип курулганын, Жаңы Барак айылына кандай шарттар түзүлгөнүн көрүп келдик.