G
enby!

Сот Сүйүмканга бир шарт коюу менен өкүм чыгарды/ Дордойдо миллиондорду алдаткандар

Свердлов райондук соту Сүйүмкан Халботоеваны күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты. Бирок үч жашы жете элек (бирөө 4 айлык) баласын эске алып 5 жылдык пробациялык көзөмөл жазасын чегерди. Аны менен катар судья Замирбек Самиев 12 жабырлануучуга 10 млн. 843 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Эгер Сүйүмкан 6 айдын аралыгында карызын кайтарбаса өкүмдүн шартын бузду деп 7 жылга камаларын белгиледи. "Сизди 4 айлык балаңыз эле куткарып калды, болбосо катаал жаза каралмак" деди судья. Ал эми прокурор 8 жылга кесүүнү, жабырлануучулар 9 жылга камап сот залынан кармап кетүүнү суранган. Биз бул соттук процессти башынан аягына чейин чагылдырды. Элди алдаган шылуундар акыр-аягы эмне болорун көрүшү керек.

Смотрите также