Ысык-Көлдө канализация маселеси чечилеби?
Ысык-Көлдө калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландаштырылып жатат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекет башчысына долбоордун алкагында Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландаштырылып жатканын маалымдады. Мындан тышкары, долбоордо суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станцияны куруу каралган. Ошондой эле объектти натыйжалуу пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча чаралар, 12 насостук станцияны куруу мерчемделген. Эки ири насостук станциянын курулушу башталды.
Смотрите также
