ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО СТАРТ КҮТҮЛҮҮДӨ
Жакында Жогорку Кеңеш тараса БШК мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу айткан БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Талдоо тайм” талкуусунда парламенттин өзүн-өзү таратуу процедурасы жана анын укуктук негиздемелери боюнча билдирди. Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, көп мандаттуу шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү жана шарттары талкууланды. Буга чейин айрым депутаттар убактысы боюнча жакын аралыкта парламенттик жана президенттик шайлоолор капташып калбаш үчүн, ЖК өзүн-өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурун шайлоо дайындоо зарылдыгын айтып чыгышкан. Парламент өзүн таратса, быйыл октябрь айында шайлоо дайындалып, ноябрь айында өтүшү мүмкүн экени болжолдонууда.
Смотрите также
