Өзгөн районунун тургундары Кара-Кулжа району менен жайыт жерлер талаш болуп жатканын айтып чыгышты
Бүгүн, 13-март күнү Өзгөн районунун 4 айыл өкмөтүнүн – Кароол, Куршаб, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн тургундары АКИпресс-Ошто маалымат жыйын беришти. Алардын айтымында, 63 миң гектар жайыт жер Кара-Кулжа районуна карайт. Бирок Өзгөн району узак мөөнөткө пайдаланууга алган. Ошондой эле, 11 миң гектар жайыт жер бар, Өзгөн районуна карайт, бирок Кара-Кулжа району пайдаланууга алган. Айыл чарба министрлиги ушул жайыттарды өз райондорун менчиктештирип берсе эле маселе чечилет. Өзгөн районунун тургуну Бактыбек Турдубаев Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагындагы 63 миң гектар жер Советтер Союзу ыдырагандан бери өзгөндүктөр пайдалана албай келишер, аталган жайыт алар үчүн алыстык кыларын айтты.