G
enby!

Нурканбек Турсунбаевге "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы тапшырылды. 22.09.2021-жыл.

Көп кырдуу талант ээси - драма жана кино актеру, обончу-композитор, акын, музыкант Нурканбек Турсунбаевге Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында 31.08.2021-жылы Президент Жапаров С.Н. жарлыгына ылайык "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы ыйгарылды. Нурканбек Турсунбаев обончулук чыгармачылыгын 13 жашында "Энеме" аттуу чыгармадан баштаган, сөзү Абдыкалый Молдокматов. Быйыл 81 жашка чыгып, чыгармачылыгына 68 жыл болду. Актерлук кесипти 1960-жылы "Салиманын ыры" аттуу көркөм фильмден бир тууган карындашы легендарлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева менен бирге башташкан. Нурканбек Турсунбаев 1966-жылдан баштап ушул кундө да Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келе жатат.

Смотрите также