G
enby!

18 жаштагы кызды унаа коюп кеткен окуя териштирилүүдө

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинин жаңы жасалган тилкесинде 3-октябрда 18 жаштагы кызды унаа коюп кетти. Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, 26 жаштагы жаран Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен баратып, жолдон өтүп жаткан кызды коюп кеткен. Жараат алган кыз ооруканага жеткирилген. Анын абалы боюнча маалымат бериле элек. Бул факт милициянын каттоосуна алынып, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүүдө. Унаа айып короосуна киргизилди. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилери маалыматта айтылды. Айтматов проспектисинин жогорку тилкеси быйыл жайында оңдолуп, кеңейтилген. Кайра колдонууга берилгенден кийин жөө өтмөктөр жана аялдамалар алынып салынганына ошол аймактын тургундары нааразы болушкан. Мындан тышкары проспектиге кошулган көчөлөрдүн жолу жабылып, азыркыга чейин ачылбай жатканын айтышкан. Социалдык тармактарда бул тилкеде жер астынан өтүүчү жөө өтмөк курула турганы боюнча маалыматтар тарап жатат. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бул боюнча тактап, кабар бере турганын билдирди. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также