Өзбектер жыландын шорпосун эмне үчүн ичет? | Чекит.
Жакында интернетти дүрбөтүп, талкууга айланган видео – тирүү жыланды кайнап жаткан казанга салып, шорпо жасоо. Айрымдар муну элдик даары десе, башкалар ырайымсыздык деп атады. Биз бул көрүнүштү Өзбекстандын бир аймагына барып, жеринен иликтеп келдик. Көрсө, жылан шорпосу чындап эле колдонулат экен. Аны муун ооруларына, алсыздыкка, күчтү арттырууга деп ичишет. Бирок видео тарагандан кийин коомдук нааразычылык күчөп, Өзбекстанда тирүүлөй бышырууга расмий түрдө тыюу салынды. Бирок суроо ачык бойдон калды: элдик дары менен ырайымсыздыктын чеги кайда?