G
enby!

Карамолдонун (Капалдын) "Сынган Бугу" күүсү

Асан Кайбылдаевдин "Кыргыз күүлөрү" китебинен күүнүн баяны: СЫНГАН БУГУ Кыргыз элинин маданий мурастарынын туу чокусу деп «Манас» менен «комуз өнөрүн» эсептесек, комуз өнөрүндөгү чен жеткис бийиктиктер Карамолдо күүлөрүндө, ал эми күүлөр жаатындагы бийиктик «Сынган бугуга» таандык. Бүгүнкү күндө Карамолдонун 50гө жакын күүлөрү кыргыз радиосунун музыкалык «Алтын казынасында» сакталып турат. Балким, улуу комузчунун көкүрөгүндө жүздөгөн күүлөр уялап жаткандыр. Түбүң түшкөн кенебестиктин кесепетинен залкар таланттын чыгармачылык өнөрканасы кеңири ачылбай, күү сандыгы күбүлбөгөн боюнча күмөндөр кетпедиби! Күү өнөрүнүн жылдызы «Сынган бугунун» таржымал-баянын ал тактап айтаар эле. Карамолдонун курбусу- таасын комузчу Чалагыз Ыйманкуловдун айтканы бар: «Мураталы карыя «Көкөй кести», «Сынган бугу» өңдүү күүлөрдү Капал, Байгазы деген шайырлардын күүсү экен деп, аз-маз башталышын гана черткен. Ал киши Капал, Байгазынын өздөрүнөн үйрөнүп, аларга караганда жакшылап кошумчалаган болуу керек. Ошол сыяктуу, Карамолдо да «Сынган бугу», «Көкөй кести», «Ибарат» өңдүү бир кездеги бирин-серин кайруусу бар күүлөрдү байытып, көркүнө чыгарып элге жеткирди» («Карамолдо замандаштарынын эскерүүлөрүндө», 1987)... Жазуучу Касым Кайым уулу залкар комузчу Чалагыз аксакалдын оюн мындайча улаган: «Маркум Күрөңкөй уулу Мураталынын айтуусунда «Сынган бугу» аз гана кайрыктан турган муңдуу күү болгон. Кийин Карамолдо аны тогуз толгонуп, жеке адамдын тагдырына тийиштүү кайгыны, карама-каршылыкты жана күрөштү жалпылаштырып, бүткүл бир доордун үнүнө айландыра алган. Ошондой болгондон кийин ал күүнү Карамолдонуку деп айтуу закондуу экендиги талашсыз». Көрүнүктүү музыковед В. Виноградов да кеңири белгилүү бул күү баяны тууралуу өз пикирин мындайча ортого салган: «Сынган бугу» – эбак бир кезде өтүп кеткен феодалдык уруулук коомдун окуяларынын таасири астында пайда болгон комуз күүсү». («Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары». 50- бет). Арийне, кээ бири угуп айтса, кээ бири көргөнүн айтат. Алп манасчы Саякбай «Сынган бугунун» баштапкы ээси Байгазы экенин: Чоң нускалуу комузчу, Уюп жаткан кен экен, Байгазы деген неме экен... Аяр сүйлөп, бек таштап, Ал Байгазы кеп баштайт: Атасы черткен күүлөрдү, Бала үйрөнүп алса деп, Кийинки укум-тукумга, Мураа болуп калса деп, Жүрөктө жүргөн тилегим. Куржунуңа салып ал, Атамдын берген күүсү деп, Ак пейилден алып кал! – деп кабарлайт. (уландысы комменттерде)

Смотрите также