ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН БАЛДАРЫ КАЕРДЕ ОКУЙТ? || ИЛКТӨӨ || TEMIROV LIVE KG
Бүгүн биз — президенттин балдары жана туугандары кайда жашап, кайда окушаарын көрсөтөбүз. Жана өлкөдөгү бийликтин чыныгы жүзүн ачабыз. Президент “Батыш кийлигишип жатат” дегенде — бул бизге тааныш угулат. “Журналисттер, активисттер чет элге иштейт” дегенде — бул коркунучтай угулат. Бирок ошол “Батыштын изи” президенттин өз үй-бүлөсүнө чейин жетсечи? Биз ачык маалыматтарды текшердик. Жана президентке жакпаган фактыларды таптык. Бул — Temirov Liveтын иликтөөсү. Видеону толук көрүп комментарий калтырып өтүнүздөр! Учурда ишмердүүлүгүбүздүн эң кыйын күндөрүн башыбыздан өткөрүп жатабыз. Биздин команданын мүчөлөрүн камап, куугунтуктап, аңдып ишибизди улантууга болушунча тоскоолдуктарды жаратып жатышат. Ушундай кооптуу шарттарда иштеш бизге да оңойго турган жок. Мындай кырдаалдарда бизди патреондон колдоңуздар!