Азаттык: Кечки радио эфир | 29.07.2025
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан сабакка катышпаган же академиялык карызы бар 13 295 студент чыгарылганын билдирди. Мыйзамсыз иштерге жол бергендерди аныктоо, алардын жоопкерчилигин кароо уланып жатканын маалымдады. "Ош мамлекеттик университетинен 3573, Ош техникалык университетинен 2754, Ош кыргыз-өзбек университетинен 3167, Ош педагогикалык университетинен 3629, Кыргыз улуттук университетинин филиалынан 172 студент чыгарылды. Учурда бул жогорку окуу жайлардын кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга катыштыгы иликтенип жатат. Алардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат",-деп жазылган маалыматта. https://www.azattyk.org/a/33485822.html
_____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus
Смотрите также
