G
enby!

Кайран өмүр - Рысбек Жумакунов

Рысбек Жумакунов - "Кайран өмүр" сөзү: Коргоол Досу уулу Солисттер: Улан Качкыналиев, Айзада Касаболотова, Аскат Мусабеков Кыл кыяк соло: Курманжан Акматова Өтөөрбүз да кетээрбиз Өлгөндөн кийин бекербиз Опол дүйнө жалгансың Жакшылык кимге кылгансың Сөзү калды тили жок Ырлары калды үнү жок Токтогул, Коргоол, Женижок Торгойлордун бири жок Ак кар кетет жер калат Акындар кетет ыр калат Осмо кетет каш калат Оомат кетет баш калат Бектер кетет бел калат Бетеги келип жер калат Баарын бирдей койнуна Баатырган бойдон жер калат

Смотрите также