УТРК НАРЫН:АТ-БАШЫДА ЧАКАН ГЭС КУРУЛУУДА
Ат-Башы районунда жакынкы 5 жыл аралыгында 5 чакан ГЭСти куруу пландалган. Алардын биринин курулушу алыскы Ак-Муз айылынын Кичи Ача аймагында башталган. Чакан “Ат-Башы ГЭСи” сатына 1.5 мегаваттык электр кубатын иштеп чыгат. Мындан сырткары аймактаы “Өмүке” суу каналынын башына курулгандыктан, Ат-Башы суусу мол топтолуп, дароо беш айылдын сугат иштери алда канча жеңилдемекчи.