✅ Бексултан жана шокалад базары 27-июлда, Келечек базары 31-июлда көчүрүлөт
🔶 Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан базарларды жаңы муниципалдык базарга көчүрүү иштери улантылат. 🔶 Алсак Бексултан жана шокалад базарына буга чейин көчүрүү боюнча соодагерлерге кагаз жүзүндө эскертүүлөр берилген. Ага ылайык базар 27-июль күнү толук көчүрүлөт. 🔶 Ал эми Келечек базарын жетекчилигине соодагерлерди көчүрүү боюнча бир жыл мурун 3 гектар жер жаңы борбордук базар тараптан көрсөтүлүп, базарды ал жерге көчүрүп чыгаруу сунушу болгон. Бирок ээлери базар куруудан баш тартышкан. Быйыл да Келечек базарын көчүрүү маселеси көтөрүлүп, соодагерлерге 3,5 гектар жер бөлүп берүү менен азыркы олтурган контейнерлерин көчүрүп алып барып, орнотуп берүү сунушталган. Же ошол жерге инвестор таап өзүңөр жаңыдан базар куруп алгыла деген сунуштар айтылган. Бирок соодагерлер сунуштардын эч бирине макул болгон эмес. Шаар мэриясы Келечек базарын жаңы борбордук базарга көчүрүүнү 31-июлга пландап жатат. __________________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия