Бир ырдын баяны: "Кайдасың сен Нестан-Дарежан?"
Эрмек Мамытовдун сөзүнө жазылган Исирадин Аманбаевдин "Кайдасың сен Нестан-Дарежан?" деген ырынын тарыхы. #бирырдынбаяны #бирырдынтарыхы #ЭрмекМамытов #ИсирадинАманбаев #КайдасыңСенНестанДарежан #НестанДарежан "Кайдасың сен Нестан-Дарежан?" Кечип таштап даңктан, атактан, Келечегин издеп бараткан. Кайгылуу шер дүйнө кыдырат, Кайдасың сен, Нестан-Дарежан? Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, Азап-кайгы жүрөктү эзип. Алоолонуп күйүп баратам, Ансайын мен сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Тоскоол болуп тура албаган, Тоңгон музду ызгаар Бадахшан: Тоону тешип өтөм сен үчүн, Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан! Күнү-түнү чыкпай санаамдан, Күйгөн шамсың мен деп жаралган. Күйүт мени мыжып жатса да, Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.