“ТЕГИРМЕН”: КЫРГЫЗСТАН АЗИЯНЫН АБА ДАРБАЗАСЫ БОЛОБУ?
Азыр өлкөдө автожолдорду оңдоо, темир жол куруу менен катар эле аба каттамдарына айрыкча көңүл бурула баштады. Аймактык, эл аралык аба майдандары курулуп, эскилери жаңыланып, ири инфратүзүмдөрү түзүлүп жаткан учур. Мунун бардыгы эмнеге жасалууда? Анткени транспорт түйүндөрү экономиканын күрөө тамыры. Дүйнөдө экономикалык чоң секирик жасаган өлкөлөрдүн ийгиликтүү реформаларынын бардыгы жолдорду оңдоп, темир жолдорун салып, аба жолдорун абат кылуудан башталган. Кыргызстандын эбактан бери Азиянын аба дарбазасы болуу дымагы бар. Бирок бул идея көптөн бери куру кыял болуп, кагаз беттеринде гана калып келген. Азыр эми бул боюнча арыштуу кадамдар ташталып, алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштады. Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү географиялык туюктан чыгарып, анын транспорт карым-катнашын кеңейтип, Батыш менен Чыгышка көпүрө болчу транзиттик өлкө катары өнүгүүгө өбөлгө түзүү аракеттери жөн жеринен эмес. Мына ошондуктан эл аралык аэропорттор оңдолуп, жаңысы курулуп, алысты жакындаткан аймактык аба майдандары ишке бериле баштады.