Баткенде лимон, мандарин өстүрүп киреше тапкан багбан | Өнүгүүгө карай
Дыйканчылыктын күнөскана түрү бир топ кирешелүү жана түйшүгү аз экенин бул тармак менен алектенгендер айтып келишет. Аз аянттагы жерден көп киреше табууну каалаган Баткен шаарынын тургуну Мундузбек Добутов короосуна күнөскана куруп ал жерге мандарин, лимон өстүрүүдө. Албетте мунун да сырын билип, кышында жылуулап турбаса бул тропикалык өсүмдүк суука бош келет. Багбан 2019-жылы лимон, мандарин көчөттөрүн баарын Өзбекстандан алып келип отургузган. Көчөттөр эки жылда эле мөмөсүн бере баштаган. Мандариндин 4 жылдык көчөтү 10 киллограммга жакын мөмө берсе лимондун 4 жылдык көчөтү 50 кг чейин мөмө берет. Каарманыбыз 3 жылдык лимон көчөтүнөн былтыркы жылы 350 киллограм лимон алган болсо, быйылкы жылы 2 тоннага жакын мөмө алам деп пландап жаткан чагы.