ОШТОГУ КӨК-БӨРҮ ОЮНУНАН КИЙИНКИ ЧЫР
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналган көк-бөрү оюнунуну финалы чыр-чатак менен коштолду. Оюндун соңунда калыстар тобуна нааразы болгон эл оюн талаасына чуркап чыгып, калыстарды ур-токмокко алды. Милиция кызматкерлери оюнчуларды жана калыстарды эл арасынан сүрөп алып чыгышты.