G
enby!

Күйөөмдү 10 жыл күттүм. Дизайнер Толгонай Байра менен турмушу, иши тууралуу маек

"Ажырашкандан кийин жан дүйнөмдү 10 жыл дарыладым" деди белгилүү дизайнер Толгонай Байра маегинде. Ал эрте, 18 жашында, турмушка чыкканын, 13 жыл жолдошу менен түтүн булатып, бирок ажырашууга аргасыз болгонун баяндады. "Ал жакшы адам, балдарына жакшы ата. Биз болгону аял-эркек катары гана тил табыша албай калдык. Балким менде чыныгы сүйүү болгондур, аны коё бере албай, кайтып келишин 10 жыл күттүм", – деди ал. Дизайнер мындан ата-энесинин абалын көргөндөн кийин гана суурулуп чыккан. Ооруп, шарты эскирген үйдө жашаган карыларды көрүп Толгонай Байра энергиясын, оюн, күчүн ата-энесине жардам берүүгө бурган. Биздин маек андан ары кесипкөй дизайнерлик тууралуу уланды. "Экинчи кызымдын балаты майрамына көйнөк сатып алган эмеспиз, өзүм тикмекчи болдум. Бир түн калганда көйнөктү баштап, таң атканча бүтүрдүм. Эртеси бала бакчадагы ата-энелер суктанып, мактап жатышты. Бул менин тигүү, дизайнер тармагында бизнес баштоомо себеп болду", – деди Толгонай Байра. Маектешим андан бери бизнесте башы бышканча көргөн кыйынчылыктарын айтып берди. Максаты — кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн кийимдерди дүйнө жүзүнө жайылтуу.

Смотрите также