"Жаабарс" спектакли.
Ч.Айтматовдун "Тоолор кулаганда" чыгармасынын негизинде коюлган “Жаабарс” спектакли. Бул спектаклде адам менен жаратылыштын эзелтен келе жаткан үзүлбөс байланышы, замандаштарыбыздын ички дүйнөсү сүрөттөлөт. Спектаклде пластикалык кыймылдар колдонулат, ал миң сырдуу турмуштун тагын чагылдырган музыка менен коштолот.