Англияда иштеп, 400 миң долларга компания негиздедим | Мирлан Акжигитов | Накта Подкаст
► Royal Tower - Бийик максаттарды көздө: https://royal.kg
► Мирлан Акжигитов: / mirlan_akzhigitov ——————————————————————————— ► Бул жолку чыгарылыштын коногу - ROYAL курулуш компаниясынын башкы директору, белгилүү ишкер Мирлан Акжигитов болду. Бул маек бир гана курулуш тармагы жөнүндө эмес. Бул айылдагы бала чагынан тартып, Англиядагы оор эмгек, топтогон тажрыйба, алгачкы инвестициялар, өндүрүштөн курулушка өтүү, ири компанияларды түптөө жана масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу чоң жолдун ачык баяны. Биз Мирлан мырза менен анын карапайым үй-бүлөдөн чыккан жолу, чет өлкөдө иштеп жүргөн күндөрү, тапкан акчасын жана тажрыйбасын Кыргызстанга алып келип, аны кантип ийгиликтүү бизнеске айлантканын сүйлөштүк. Ошондой эле ири объекттерди куруудагы жоопкерчилик, команда менен иштөө, кардарлардын ишенимин сактоо жана коомду колдоонун мааниси тууралуу да сөз болду. Маекте Кыргызстандагы эң бийик Royal Tower асман тирегичи долбоорунун өзгөчөлүктөрү, архитектуралык идеялар, ишкерликтеги принциптер, үй-бүлөгө жана балдарга болгон мамиле, диндеги орду жана келечектеги максаттары тууралуу кызыктуу пикирлер айтылды. Мирлан Акжигитов бул маекте эч нерсени жашырбай, ийгиликтин жөнөкөй сырын, чыныгы ишкер болуунун артындагы чоң эмгек жана жоопкерчилик жөнүндө ойлору менен бөлүштү. Толук көрүңүз — анткени бул чыгарылыш кыйынчылыктан коркпой, бийик максат коюп, аны ак эмгек менен ишке ашырууну каалаган ар бир адам үчүн шыктануу, дем жана күч берет. ——————————————————————————— ► Биздин социалдык тармактар: • instagram (Нурсейит): / nurseiit_anarkulov • instagram (Накта Подкаст): / nakta_podcast • Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
——————————————————————————— 0:00 Эң кызыктуусу 2:09 Бишкектеги эң бийик имаратты куруу идеясы кимге таандык? 3:55 Карапайым үй-бүлөдөн чыккан ишкер 8:09 Кыйынчылыктан өтүүгө эмне жардам берди? 9:31 Англияга кантип барып калды? 11:37 Окууга барам деп, KFCде иштеп калдым 18:34 Окууну таштаганда өкүнүч болдубу? 20:50 Англияда тапкан акча топтолдубу? 22:28 19 жашта чоң кишинин жумушун кантип аткарды? 23:43 Атамдын тарбиясы катуу болду 27:18 21 жашта батир алдым 30:43 200 миң доллар чогултуп, Кыргызстанга кайтып келиши жөнүндө 32:39 Тажрыйбаны Бишкекте колдонуу оор болдубу? 34:21 KFCде пол жууп иштегенимди айткандан уялчумун 38:29 Айылда чоңойгон бала биринчи акчага эмне алды? 41:25 Алгачкы инвестициялар 44:04 Өндүрүш тармагы кантип башталды? 48:30 200 миң доллар көбөйдүбү же азайдыбы? 49:39 Өндүрүштөн курулушка кантип өттү? 51:48 Курулуш компаниясын ачууга канча акча кетти? 52:59 Эң алгачкы объект 54:29 Коркунуч болду беле? 55:42 “Капитал Строй” компаниясы тууралуу 57:52 Акча табуудан миссияга качан өттү? 59:59 “Royal” кантип ачылды? 1:00:34 Жалпысынан канча объект курулду? 1:02:22 Объекттерди өзү текшереби? 1:06:37 Ишкерликте команданы колдоо маанилүүбү? 1:08:15 “Royal Tower”дин өзгөчөлүгү эмнеде? 1:11:35 Үй-бүлөгө убакыт табылабы? 1:13:42 Балдарына кандай ата? 1:17:48 “Royal Tower”де өзү жашайбы? 1:19:10 “Royal” байлар үчүн ганабы? 1:20:35 Дин жашоодо кандай роль ойнойт? 1:24:29 Архитектуралык жактан өзгөчөлүк барбы? 1:26:11 Келечектеги пландар 1:28:52 Белек тапшыруу 1:29:44 “Royal”дан үй алуу үчүн кимге кайрылуу керек? 1:32:58 Бийик максат коюудан коркпо 1:35:59 Жыйынтыктоочу суроолор