G
enby!

12.09.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

ЭВАКУАЦИЯЛОО ЧЕЧИМБИ ЖЕ КӨЙГӨЙБҮ? Кечээ, Парламентте айтылган борбор калаадагы унааларды эвакуациялоо маселеси коомдук талкуу жаратты. Депутат Дастан Бекешев “бизнес” деп белгилеген пикирине мэрия эмне деп жооп берет?; БИШКЕК ШААРЫНАН ТҮНДҮК АЙЛАНМА ЖОЛУНА БАРУУЧУ УНАА ЖОЛУНДА АСФАЛЬТ ТӨШӨӨ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ. Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт; Кечээ “Регион” телеканалы чагылдырган Дөмөр айылындагы жол маселеси бир күндөн кийин чечилди. Эми жергиликтүү тургундар көчөнү тоскоолдуксуз пайдалана алышат; Жалал-Абадда «Кыргыз-Кытай түштүк соода палатасы» ишин баштады. Жаңы бирикменин максаты эки өлкөнүн ишкердик алакасын бекемдөөгө жана инвестиция тартууга багытталган; Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык маарекесине арналган маданий жана спорттук иш-чаралар жыйынтыкталды. Кечкисин Гүлчө айылында Президенттин катышуусунда расмий бөлүгү орун алат. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion

Смотрите также