✅Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна мезгил кутусу салынды
✅Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ош шаардык жана регионалдык бөлүмдөрүнүн имараттарынын курулушуна мезгил кутусу салынды. 🔹Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана тиешелүү жетекчилер катышты. 🔹Имараттардын жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзүп, 2 блоктон турат. Ар бир имаратта 35 кызматкерге кызматтык орун каралган. Техникалык кароо имаратында 3 бөлмө бар. Долбоордо видеобайкоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, эс алуу жайлары да камтылган. 🔹Курулуш келерки жылдын август айында аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда. ___________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия