G
enby!

Алымбек датканын 225 жылдыгы: Чыңгызхан Кожошев айтыштан баш байгени утту

Бүгүн, 12-сентябрь күнү Алай районунун Жошолу айылынын Калама жайлоосунда өтүп жаткан Алымбек датканын 225 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган төкмө акындардын айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалыматка караганда, финалдык турга 8 жуп акын чыкты. Жыйынтык: Баш байге — Чыңгызхан Кожошев; Изат Айдаркулова — 1-орун, 500 миң сом; Кутман Садыбакасов —2-орун, 300 миң сом; Жылдызбек Төрөканов — 3-орун-200 миң сом. 1-2-3-орунду алгандарга акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ал эми баш байге Алай райондук стадионунда президенттин катышуусунда тапшырылары айтылды. #АлымбекДатка #айтыш #Кожошев

Смотрите также