G
enby!

Таласта 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Талас шаарында алгачкы жолу 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. "Хан - Теңири" деп аталган турак жай комплекси Бердике баатыр көчөсүндөгү эски авто базанын аймагына курулууда.Курулушка Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев старт берип, мезгил кутусун салды. Көп кабаттуу үйдө жалпы 405 батир болот. 90 — 1 бөлмөлүү, 234 — 2 бөлмөлүү, 81 — 3 бөлмөлүү. Батирде лифт да каралган.Аймакта жаңы мектеп жана бала бакча да салынып жатат. Батирлер мамлекеттин кепилдиги менен 25 жылга чейин аз пайызда ипотекага берилет. Буга чейин башталган "Тынчтык Ордо" комплекси 2026-жылы бүткөрүлөт.

Смотрите также