"Ит жебей, иштегиле". SUPERTV'нын каармандары эмне дешет?
                        
                        ИНТЕРНЕТ ЭКИ ЭСЕ АРЗАН! https://www.saimatelecom.kg/novosti/a...
  Бүгүн, 14-сентябрда интернетте SUPERTV'нын “Ачкалыктан иттин этин жегенге аргасыз болдук” деген каармандарына байланыштуу түрдүү маалыматтар тарады. Алсак 24.kg маалымат агенттиги Эмгек министрлигине таянып үй-бүлөгө 1 миллион 200 миң сом чогулганын жазып чыкты. Ал арада министрлик “муктаж үй-бүлөгө жумуш сунуштасак алар жумуштан баш тартты” дешти. Дал ушул жана башка фактылардын чын-төгүнүн билүү үчүн биз Акышовдордун үй-бүлөсүнө микрофон сундук.    
                    
                    
 
  
             
  
             
  
             
  
             
  
             
  
             
  
             
  
             
  
            