Мэр Токторбаев: Кен-Сай массивине бөлүнгөн 760 млн сом абага учуп кеткен
Ош шаарындагы Кең-Сай массивинин инфраструктурасын жакшыртууга убагында бөлүнгөн 760 миллион сом максатсыз пайдаланылып, дайынсыз кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда, Кең-Сай массивиндеги “Кең-Сай” көмөк чордонун пайдаланууга берүү иш-чарасында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди. Анын айтымында, ошол кездеги жооптуу кызмат адамдары камакка алынган. Келтирилген чыгымдын айрым бөлүгү мамлекетке кайтарылып, учурда Кең-Сай массивинде жүрүп жаткан иштер ошол каражаттын эсебинен ишке ашырылып жатат.