Махаматали Темиров 40 гектар какыраган талааны бакка айландыруу үчүн 13 миллион сом сарптады
Кадамжай районунунун Алга айылынын тургуну Махаматали Темиров 40 гектар какыраган талааны бакка айландырып, 6 чакырымга электр энергиясын тартып келди. Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунунун 160-161-чакырымында ээн жаткан жолдун эки жээгин бакка айландырууу үчүн 150 метр жер астынан суу чыгарган. Көчөттөр Түркиядан 200-300 сомдон (1 даанасы) сатылып алынган. Учурда алардын дээрлик 99% көктөп, тез жетилип жатат. Толугу менен: https://www.turmush.kg/ky/news:645266