G
enby!

73 жаштагы Зайна Базарбаева — тоо койнунда ат чаап, 100дөй асыл тукум жылкы баккан өзгөчө фермер.

Башкалар базарга көйнөк издегени барса, Зайна апа жылкы издегени барарын айтат. Жылкы баласы назик болгондуктан кулундарын бапестеп карап, туулганда эле оозуна бир кашык сары майды салып койбосо кыйыныраак болот дейт. Фермердин блокнотунда ар бир жылкынын туулган күнү, аты, жети атасына чейин жазылуу. Ал мунун баарын таза кандуу жылкыларды алыш үчүн каттайт. "Мен тоого чыкканда ушундай чакырам... "Кел, Граф, туз алып келдим. Кел, Саман, кел, кел. Кел, Кайтпас" деп бардыгын чакырганда тим эле колоттон шаңыраңдашып, кай жерде болбосун жүгүрүп, алдында айгыр, артында бээлер кулундары менен алдыңа келгенде өзүңдү башка дүйнөдө сезесиң..." — деп сезимдери менен бөлүштү фермер. "Кулдай иштеп хандай жашоо керек" деген девизди колдогон Базарбаева учурда 10дой бизнеси бар экенин айтат. Маек учурунда жылкынын мыктысын кантип билсе болорун, асыл тукум жылкылар кантип чыгарын, аларды кантип көбөйтсө болорун кенен түшүндүрүп берди.

Смотрите также