✅ 2,5 гектар аянттагы, эски гараждардын ордуна эс алуу багы курулат
🔶 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруусунда Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу гараждар турган аймакты кыдырган. Мында санитардык норма сакталбай, мал жандыктар багылып, унаа оңдоочу жайга айланып, таштандыга толгон. Буга чейин да аталган гараждарды алып, жер аянты бошотуу боюнча бир канча ирет расмий эскертүү берилгени менен ээлери тарабынан бошотулган эмес. 🔶 Андыктан калаа башчысы бүгүнтөн баштап бул аймакты тазалоо иштерин жүргүзүүнү, Жекелик каналынын жана Ак-Буура дарыясынын корук аймагын ачууну тапшырган. Ага ылайык тиешелүү кызматтар тарабынан жумуштар башталды. Бошотулган аймактын ордуна, шаар тургундары үчүн эс алуу багын куруу пландалууда.