G
enby!

МАНЬЯКТЫН КӨРСӨТМӨСҮ ЭМНЕГЕ МААНИЛҮҮ?

Милициянын оперативдик видео тасмасында Ысык-Көлдө 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө айыпталган кылмышка шектүүнүн андан башка дагы мына ошондой жүрөктүн үшүн алган оор кылмыштарды моюнга алып, көрсөтмө бергенин ЭлТР телеканалы чагылдырды. Анын көрсөтмөсүндө буга чейин бети ачылбай келген чуулгандуу кылмыш иштери да бар. Мына ушуга байланыштуу Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги уюштурган “Талдоо Тайм” берүүсүндө белгилүү юристтер сот адилеттигин калыбына келтирүүдөгү укук коргоо жана сот органдарынын алдындагы негизги милдеттерге баса белгилешти. Анда бул чуулгандуу иш боюнча жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайрадан соттук териштирүү болуп, мурдагы сот өкүмү бузулуп, сот иши комплексивдүү негизде кайра карала турганы мыйзам талабы экени айтылды. Мына ошонун негизинде коркунучтуу кылмышкерге коюлган айыптоону жеңилдетүүгө өбөлгө түзгөн жагдайлар аныкталып, мурдагы сот жараянында ага тиешеси болгон тергөөнү, прокурордук көзөмөлдү алып барып, мамлекеттик айыптоону колдогон жана сот өкүмүн чыгаргандардын жоопкерчилиги каралууга жата турганы талкууга алынды. Мына ушуга окшогон тергөөдөгү жана соттогу калпыстыктардын айынан коомго коркунучтуу кылмышкерлер сот жообуна тартылбай, эркиндикке чыгып кетип жаткан жагдайлар жана алардын себептерине баа берилди. Ички иштер органдары жакында видеобайкоонун негизинде 17 жаштагы Айсулуунун өлүмүнө шектүүнү кармап, камакка алып, анын 2015-жылы адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси боюнча 12 жылга соттолуп, бирок кийин жазасы жеңилдетилип, кийинки инстанцияда мөөнөтү кыскарып, анан барып, мунапыс менен бошоп кеткени белгилүү болгонун аныктаган. Кылмышка шектүүнүн башка дагы буга чейин бети ачылбай келген коомчулуктун үрөйүн учурган зордук-зомбулук жана адам өмүрүнө кол салуу боюнча оор кылмыштарга тиешеси болгону тууралуу иликтөө тасмасы чыкты. Бул иликтөө буга чейинки сот-укуктук системада айрым коркунучтуу кылмышкерлер сот жообуна тартылбай келген көрүнүштөр бар экенин көргөздү. Сот адилеттигин камсыз кылуудагы орчундуу кемчиликтер, тергөөнүн сапаты, прокурордук көзөмөлдүн абалы тууралуу “Кабар” улуттук агенттигинин “Талдоо Тайм” программасында талкууланды. Талкууга Акыйкатчынын өкүлү Эмилбек Ажибеков, юрист-эксперт, Антикоррупциялык ишкер кеңештин мүчөсү Ялкун Даутов, ИИМ ыкчам кылмыш иликтөө кызматынын ардагери Сагын Өмүралиев катышты.

Смотрите также