"Кел кел" 4-бөлүм Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар! #кыргызча
"Кел кел" 4-бөлүм Кыргызча окуяларды сайтка кирип окусаныздар болот. https://kyrgyzcha.site/
КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ! КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР ДҮЙНӨСҮ! Бир үй көрдүм Жумгалдан. Бир топ үйдүн алды экен. Карап эле тургудай кандай уста салды экен. Карабайт дейт балдарын, Каалабайт дейт окууну. Китептери жок болсо, Килемдерин окуйбу. БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ Мен 5 жашымда апам дайыма жашоодо эң башкысы бакыт деп айтчу. Мектепке барганда «чоңойгондо ким болосуң?» деп сурашканда «бактылуу адам» деп жооп берчүмүн. Анда мага суроону түшүнгөн жоксун дешти, мен алар жашоону түшүнбөйт деп жооп бердим. Джон Леннон •Чайлашкым келди. Бул курсактын ачканынан эмес,маектин ачкалыгынан. Кадимки чайды ар күнү ичип аткандырмын. Бирок,бул сапар,даамдуу чай ичким келди.Мейли,самоордо кайнасын,мейли газда айырмасы канча. А чайдын даамы-чайлашкан адамда эмеспи.Дегеним,адамдын маегинде чайдын даамы катылуу. Чайлашалы. Бул сапар мен көбүрөөк угууну чечтим.Алтын сөзүңөрдү,сыйкырдуу каректериңерге үнсүз тиңиле карап,бир ууртам чайдын шылтоосу менен дидарлашкым келүүдө.Жүрөгүм ачылсын,чайлашыма.Анан жүзүмө кан жүгүрүп,биир өзүмө келип алайын.Дүйнөм жаңылансын.Мен жаңыланайын. Балким,азыркы боштугумдун орду ушулдур. Дүйнөмдө аярлап,кастарлап келаткан дидарлашым,кел,чайлашалы... Бибинур Жанибекова Эгерде адам көп күлө берсе, айрыкча болбогон нерселерге деле, демек бул адамдын өтө чоң кайгысы бар. Эгерде адам көп уктаса, демек ал жалгыз. Эгерде адам тез жана аз сүйлөсө, демек чоң сырды бекитип жүрөт. Эгерде адам ыйлай албаса, демек ал алсыз. Эгерде адам ашыкча көп тамак жесе, ал бир нерседен кабатыр. Эгерде адам майда нерсеге деле ыйлай берсе, ал назик көңүлдүү. Эгерде кимдир бирөө колу бош эмес экенине карабай, сенин абалыңды сурап турса, демек чындап сага жакын же болбосо сени аябай урматтаган болот экен! Ит болдук эи, ит болдук жөөлүп үрүп. Интернетке жашынып сөгүп үрүп. Түшүнүк жок кенедеи кээ бирөөбүз Элге окшоп калп эле дөөрүп үрүп Кожоюнмун дегендер караит күлүп. Кол чапкылаит, "даваи-даваи" дешип сүрүп Кошоматчы, тили ачуу "жолбунду" таап Компоюшат аидактап көттөн түртүп. "Арыстан" деп аиланып мактап үрүп. "Аппак" дешип периштедеи актап үрүп. Эски эле "жемкор" болгон жердештерин. Биздин "шеф" деп далысынан таптап үрүп Ит болбоилу Кыргызым ит болбоилу. Ит кылгандар экөөбүздү киши оилоибу? Акылга кел, кабышпаилы жаат жаат болуп Биз кабышсак "иттер" үчүн иш болбоибу Иши бүтсө карабаит, басып кетет. "Итсиң" дешип каира өзүңдү сатып кетет. Каяша аитып, "кабамын" деп тиш көрсөтсөң Так корооңдун жанынан атып кетет. Нурбек САЯК. Кээде туруп элдүү жерди - аэропорт менен вокзалдарды, ал жерге барып чоң кыймылды караганды сүйөм. Карасам, адамдар көбүнчө көрүшпөйт экен, коштошот экен… Дегеле биз бири-бирибиз менен билип- билбей, сезип-сезбей биротоло коштошо берет экенбиз… Биз узашкандар эмес, көрүшкөндөрдөн бололу… * "Таарынуу" Билесиңби таарынуу не? Таарынуу бул- чынчылдык, балалык. Жалганы жок тазалык! Таарынуу бул - "Сени сүйөм", "Баш тартпадым" дегендик. Таарынуу - наз, Сени жакын көргөндүк. Мен да сага таарындым!… Таарынганым ачуум дагы, кечирүүм. Кетпегеним, Кете албаган чечимим. Өзүң түшүн мага кымбатсың баарынан. Мен да сага таарынгам… #аудиокитеп #кыргызча #кыргыз #окуялар #шумдук