Сарымсак терип ууландым, эми жолдошумду ким багат? - Толкунай Аблабек кызы
Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагынын 36 жаштагы тургуну Толкунай Аблабек кызы жолдошунун оор абалда экенин айтып, жардам сурап кайрылды. «Өзүм Ак-Суу районунан болом, жолдошум Тилек Кенжебаев Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын тургуну. Буга чейин ар кимдин малын багып, Түп районунда иштеп жүргөнбүз. Жай айында Пристань аймагына көчүп келип, батирге жашай баштадык. Ошол кезде кырсык болуп, жолдошумдун бутуна темир кирип кетип, бир бутун кесүүгө туура келген. Андан кийин мен талаага чыгып иштеп, жолдошумду багып жүрдүм. Бирок ууланган сарымсакты кол капсыз терип, колдорум жабыркап ооруп калдым. Азыр иштей албай турам. Жолдошумдун документтери жок, болгону туулгандыгы тууралуу күбөлүгү гана бар. Менин жарандык паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткен. Жакында жергиликтүү бийлик, социалдык кызматкерлер жана кайрымдуу адамдар жардам бере башташты. Баарына ыраазыбыз. Бирок азыр абалыбыз оор — жолдошум майып, мен ооруп калдым. Эми аны ким багарын ойлоп сарсанаа болуп жатам», — деди Толкунай Аблабек кызы. Толкунайдын жолдошу Тилек Кенжебаев да кырсыктан кийин жубайынын иштеп, аны багып келгенин айтты. Учурда жубайынын да абалы начарлап, экөөнүн жашап жаткан батири урап калуу коркунучунда экени белгилүү болду.