G
enby!

10.09.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

КЫРГЫЗСТАНДЫН U-23 КУРАМА КОМАНДАСЫ АЗИЯ КУБОГУНА ОЙНОЙТ. Бул курама команда 7 упай менен турнирдик жадыбалдын 1-катарынан орун алып, тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна түз жолдомого ээ болушту; КЫРГЫЗСТАН ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ ЧЕЧКИНДҮҮ КҮРӨШӨТ Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ШКУнун аймактык антитеррористтик түзүмүнүн кеңешинин кырк төртүнчү отурумунда билдирди; Жогорку Кеңеш Жалал-Абадды Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап, үч окууда тең колдоого алышты. Эми мыйзам президенттин кароосуна жөнөтүлөт; Ош шаарынын мэри кезектеги 3 эмдердин апасына 2 бөлмөлүү батир белек кылды. Алар тез арада ижарадан чыгып, жаңы конушка көчүрүлөт; Кыргызстандын 14 миң 600 жараны гана Орусияда жүрүү үчүн укуктук макамын мыйзамдаштырып, "кара тизмеден" чыкты. Бүгүн Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү аяктады. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion

Смотрите также