G
enby!

2 МЛН ТУРИСТТИ КҮТКӨН ЭЛЕТТИКТЕР

“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа класстеринин курулушунун долбоорунун биринчи этабы боюнча иштер башталып, “Жыргалаң” шаарчасына курула турган объекттердин жерлери аукционго коюлду. мыйзамдарга ылайык, кыргызстандыктарга “кызыл китеп” менен берилет. Ал эми чет өлкөлүк жарандар жер тилкелерди 49 жылга ижарага алат. 5-4-3 жылдыздуу конок үйлөр, коттедждер, глэмпингдер, спа-комплекси, этно шаарча жана конференц-залдар түшө турган аймакка кызыккан ишкерлер, президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасына кайрылып кызматташса болот. Долбоор президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген. Ал толугу менен ишке ашканда 5 миңге жакын жумуш оруну түзүлөт деп күтүлүүдө. “Жыргалаң”, “Ак-Булак” жана “Боз-Учук” курортторун бириктирген “Ала-Тоо Резорт” комплекси жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алары айтылууда.

Смотрите также